УКМК: Ата мекендик өндүрүүчүлөр унду жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө өндүрүү жана сатуу фактысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМКсы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө республиканын аймагында ата мекендик өндүрүүчүлөр коңшу мамлекеттерден алынып келинген унду, жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө сатуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, ички рынокто алып келүүчүлөр түздөн-түз ички же импорттук дандан өндүрүлгөн ундун дүң баасы кошумча наркка салыгынан бошотулгандан кийин 50 килограм ун 1500 сомду түзөт, ал эми суроо-талапка болгон импорттук ундун баасы учурда болжол менен 2100 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда унга рынок бааны турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети дандын импортуна жана ата мекендик өндүрүүчүлөр ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгына нөлдүк ставка кабыл алган. Жеңилдиктер 2022-жылдын 1-августуна чейин жарактуу.

Бирок абийирсиз ири жеткирип берүүчүлөр жана ун өндүрүүчүлөр КНС салыгы (товардын наркынын 12%) төлөм менен, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн импорттолгон ундун жасалма товардык белгилерин колдонуу менен, унду жогорулатылган баада сатууга кызыкдар болушууда.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүгү (Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Т.К.А. аттуу жаранга таандык, КНСтин нөлдүк ставкасы менен импорттолгон дандан жасалма «Эталон» соода маркасы менен ун өндүрүү процессин жолго салуучу, Бишкек шаарынын аймагында жасалма «Эталон» маркасындагы ун Чүй облусунун Сокулук районундагы ун комбинатында даярдалып, сатылып жаткандыгы аныкталган.

Аталган ун чыгаруучу ишкананы тинтүү учурунда 350 тоннага жакын унду таңгактоо жана андан ары сатуу үчүн даярдалган жасалма “Эталон” товардык белгиси бар 200 каптан ашык ар бири (50 кг) түзгөн ун жана 7 миң бош кап табылган.