УКМК: УКМК кызматкерине пара берип жаткан учурда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчисинин кармалуусу боюнча

2022-жылдын 21-апрелинде Финансы-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн КР УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды.

           2022-жылдын 21-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында КР УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жатканжеринен М.С.Ш. кармалган.

           Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.