Координационный центр по обеспечению кибербезопасности Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбор

Шифрлөө (криптография) каражаттарын камтыган товардын (продукциянын) мүнөздөмөсү жөнүндө нотификацияларды каттоо жүргүзүү жөнүндө
жалпы маалымат

Кыргыз Республикасынын УКМК Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору шифрлөө (криптография) каражаттарын камтыган товардын (продукциянын) мүнөздөмөсү жөнүндө нотификацияларды каттоо жүргүзөт.

Нотификацияларды каттоо төмөнкүлөргө ылайык жүргүзүлөт:

Тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын көңүлүн төмөнкүгө бурабыз: товарды шифрлөө (криптография) каражаттары категориясына киргизүү функциясы Кыргыз Республикасынын УКМК Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун компетенциясына кирбейт, ал эми нотификацияны каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирүү бажы органдарына көрсөтүүгө берилүүчү документ болуп эсептелбейт.

Нотификацияны каттоого арыз жана ага тиркелген материал (нотификация, ишеним кат ж.б.) Кыргыз Республикасынын УКМКга почта аркылуу жөнөтүлөт.
Почта аркылуу жөнөтүү дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 70, 720040.

Нотификацияларды каттоодон баш тартылгандыгы жөнүндө билдирүү себептери көрсөтүлүп, ошондой эле катталбаган нотификацияларды (анын ичинде кошо көрсөтүлгөн документтер) арыз ээлерине почта аркылуу жөнөтүлөт.

Нотификацияларды каттоого арыз кабыл алуу, нотификацияларды тариздөө жана документтердин статусу боюнча консультацияны электрондук почта аркылуу алууга болот: [email protected], телефону 0(312) 56-30-41.