ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине аскердик кызматка талапкерлер төмөнкүдой талаптарга жооп берүүгө тийиш:
    1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга, башка жарандыгы жок болууга;
    2) 18 жаштан жаш эмес (окууга талапкерлерден тышкары) жана 30 жаштан шулуу эмес (экинчи ирет кирип жаткан талапкерлерге – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аскердик наамына жараша аскердик кызматта болууга чектелген жаштан улуу эмес);
    3) аскерге милдеттүү болуш үчүн:
    – аскердик даярдыгы бар;
    – алгачкы аскердик жыйындарда, чакырылуучу мобилизациялык резервде же мобилизациялык резерв жыйындарында аскердик кызмат өтөгөн биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебинде турган адамдар прапорщик кызмат орундарына гана каралышы мүмкүн;
    4) ыкчам жана тергөөкызматтарына орточо жетишүүсү 4 балдан кем эмес жогорку билимдүү (күндүзгү окуу формасы);
    5) чет тилин билүү (артыкчылык берилет);
    6) соттолгондугу жок;
    7) мамлекеттик, же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иштеген болууга;
    8) медициналык, кесиптик-психологиялык талаптарга жана аскердик адистиктерине ылайык келүү.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынбайт:
    – медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызамттын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар болсо;
    – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тартса;ү
    – соттолгон болсо, соттолгондугу жоюлган болсо же алып салынган болсо;
    – аскердик кызматка алынганга чейин, 1 жыл аралыганда сот тартибинде атайылап укук бузгандыгы үчүн ага администрациялык жаза салынса;
    – аскердик кызматка кабыл алууда, мыйзамда белгиленген тартипте соттолгондугу жоюла элек же алынып салына элек же ага карата кылмыш жана (же) жорук жасоого шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүдө билдирүү чыгарылган болсо;
    – жаш курагы, оорусу, кызматына ылайык келбегендиги жн жаман жоруктары боюнча ишенимди жоготкондугуна жана башка терс себептерге ябайланыштуу аскердик/мамлекеттик кызматтан бошотулган.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда милдеттүү түдө төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
    – укук коргоо жана атайын органдардын талапкерди жана жакын туугундарын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгын текшерүү;
    – медициналык к
үбөлөндүрүү;
    – жеке психологиялык жана психовизиологиялык сапаттарынын
өнүгүү дэңгээлин табуу максатында кесипкөй психологиялык текшерүү;
    – тене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруу.

4. Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын жаранынан баш тартууга негиздер:
    – 2 б
өлүктө көрсөтүлгөн маалыматтарды бурмалоо;
  
  – талапкердин аскердик-эсепке алуу боюнча бош кызмат орундун жоктугу.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчысы төмөнкүлөргө тыюу салынарын билүүгө тийиш:
    – иш таштоо уюштурууга жана мындай иш-чараларга катышууга;
    – ишкердиктин ар кандай т
үрлөрүнө катышууга;
    – илимий, окутуучулук, чыгармачылык иштерди, ошондой эле ыкчам зарылдыктан келип чыккан иштерди кошпогондо ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда кош кызматта ишт
өөгө;

    Аскердик кызматка киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчыларына “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” , “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөр каралат.

6. Эгерде талапкер жогоруда аталган талаптарга ылайык келсе,
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жашаган жери боюнча арыз берилет, арызда төмөнкүлөр көргөзүлөт:
    – толук аты-ж
өнү, туулган күнү, айы, жылы;
    – иш ж
үзүндө жашаган дареги;
    – билими;
    – аскердик кызматка кир
үү себептери;
    – аскердик кызмат
өтөгөн болсо, аскердик бөлүктүн номери (мекеменин аталышы) жана кайсы кызмат орунда, ошондой эле аскердик кызмат өтөө мезгили;
    Жаран арыз менен т
өмөнкүлөрдү берет:
    –
өз колу менен жазган өмүр баяны;
    – паспорттун, туулган тууралуу к
үбөлүктүн, нике тууралуу (эгер никеде турса) жана балдарынын туулгандыгы тууралуу (эгер бар болсо) күбөлүктөрдүн нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн;
    – иштеген жылдары бар болсо, эмгек китепчесинин нотариус
күбөлөндүргөн көчүрмөсүн;
    – кесиптик же башка билимин тастыктаган документтердин нотариус
күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн;
    – электрондук дарегин, байланыш телефону.

    Электрондук байланыш каналдары (электрондук почта, факсимиль байланышы ж.б.) менен келип түшкөн жарандардын документтеринин көчүрмөлөрү каралбайт.