КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2020-жылдын 21-майындагы № 266 ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Киберкоопсуздукту координациялоо жана камсыздоо боюнча улуттук инфратүзүмдү өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.