УКМК: “Майнинг-фермалардын” мыйзамсыз иштери аныкталды

КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан “майнинг-фермаларды” аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 1997-жылы туулган КР жараны Х.Р.Р. тарабынан “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу жолу менен “майнинг-фермаларды” түзүп “криптовалюта” алуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттери уюштурулганы аныкталган.

2022-жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан “Тихий-Замок” мейманканасынын жертөлөсүндө “Түндүк электр” ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар “криптовалюта” өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды.

Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен «Улуттук электр холдинг компаниясы» ААК тарабынан “майнинг” өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган, бул аталган “майнинг-ферманын” мыйзамсыз иштешин көрсөтүп турат.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө