ЖАЛАЛ-АБАДТАГЫ САНАТОРИЯНЫ БАСЫП АЛУУГА АРКЕТ КЫЛГАНДАРГА БӨГӨТ КОЮЛДУ

2020-жылдын 18-19- декабрында Жалал-Абад облусундагы «Жалал-Абад» санаториясын басып алууга аракет кылгандардын ишине бөгөт коюлду.

КР Кыргызстан Профсоюздар Федерациясы (КПФ) «Кыргызкурорттуктуризм» башкармалыгынын убактылуу башчысы Кучуков С. жана ал тарабынан мыйзамсыз дайындалган  «Джалал-Абад» санаториясынын убактылуу директору Айтиев Э. адамдардын тобу менен административдик имаратка күч менен кирип, санаторийдин директорунун бөлмөсүн ээлөөгө аракет кылышкан.

Бирок, санаторийдин убактылуу директору Б.Сатыгулов дайындоо тартиби менен таанышып, келген адамдарга буйрук жараксыз экендигин билдирген. Жалал-Абад санаториясынын директору М.Абышкаев оорулуу боюнча өргүүдө болгондуктан аны жумуштан алуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.

Белгилей кетсек, административдик имараттагылар КР УКМКнын төрагасы Ташиевдин басып алууга катыштыгы бар жөнүндө кыйкырып жатышкан.

Бул факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Бөтөн жерди ээлөө же басып алуу” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүш Жалал-Абад шаардык ШИББ тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Азыркы убакта С.Кучуков жана Э.Айтиевдер Жалал-Абад шаардык ШИББ тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн алынып келинди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Ташиев К.К. бул фактыга эч кандай тиешеси жок, анын үстүнө ал мындай көрсөтмөлөрдү берген эмес жана бербейт дагы.

Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.К.Ташиевдин тапшырмасы боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган адамдарга карата мындан ары эң катаал чаралар көрүлө тургандыгын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жазасы колдонула тургандыгын эскертет.