9 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

2020-жылдын 21-декабрында Кемин районунан 9 жаштагы кыздын кайрылуусу боюнча, КР УКМК тарабынан алдын ала текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, Кемин шаарынын №1- А.Шакиров атындагы орто мектебинин окуучусу пандемиянын жайылышына байланыштуу анын үй-бүлөсү материалдык кыйынчылыктарды башынан кечиришип, мектеп акысын төлөй албай жана апасынын эмгек акысы аз болгондуктан тамак-аш азыктарын сатып ала албай жатышкандыгын кайрылуусунда айткан.

Буга байланыштуу, КР УКМК кызматкерлери КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин көрсөтмөсү боюнча Кемин шаарына барышып А.Шакированын үй-бүлөсү 5 адамдан турарын жана материалдык жардамга муктаж экендиги аныкташкан.

Бул үй-бүлөгө материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында, КР УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин тапшырмасы менен балдарга эң керектүү азык-түлүк, жаңы жылдык белектер жана канцелярдык материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ошону менен катар, А.Шакированын үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.Ташиевге көрсөтүлгөн жардам үчүн жеке ыраазычылыгын билдиришти жана бул маселенин объективдүү жана акыйкат чечилишине ишеним көрсөтүштү.

Мындан тышкары, А.Шакированын кайрылуусунда айтылган бардык жагдайларды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында тийиштүү баа берилет.

Азыркы учурда тийиштүү иш-чаралар улантылып, КР УКМКнын башчысы К.К.Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынды.
 басып чыгаруу