ЖАШ КЫЗДЫН КАЙРЫЛУУСУН ТӨРАГА К.ТАШИЕВДИН ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛДЫ

Кемин районунан кайрылган 9 жаштагы кыздын суранычы менен, КР УКМКнын төрагасы К.Ташиев жеке өзү УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына мектепти текшерип чыгууну тапшырды.

Учурда бул кайрылууда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар, анын ичинде кыздын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы боюнча ар тараптуу текшерүү башталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, бул үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралып жатат, ал жөнүндө коомчулукка кошумча маалымат берилет.