АБАКТАГЫЛАРДЫ МУНАПЫС МЕНЕН БОШОТУУ ҮЧҮН АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН АЛДАМЧЫ АДАМ АНЫКТАЛДЫ

 Камактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча алынып жатат  делип түшкөн кайрылууларга байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү бир жаран өзүн Муканбетов Санжар Турдукожоевич деп тааныштырып, УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин жакын тууганымын деп жашынып, абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылыгандыгы аныкталды.

          Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, “Алдамчылык”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Качуу” беренелери менен Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылынын №1-Жазаларды аткаруу мекемесинде жаза өтөп жаткан 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Салибаев Санжар экендиги аныкталды.

          Өзүнүн кылмыштуу ниетин ишке ашыруу максатында, айрым жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен акча алып жүргөн.

Азыркы учурда, топтолгон материалдардын жыйынтыгы боюнча, сотко чейинки өндүрүштү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо маселеси каралып жатат.

Белгилей кетсек, мунапыс жарыялоо УКМК компетенциясына кирбейт, анткени “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун предмети сот органдары болуп саналат.

УКМК эгер сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңызар, тез арада укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды эскертет.