УКМК: ЭТУнун активдүү мүчөсү кармалды



2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республиканын аймагына террористтик жана экстремисттик уюмдардын келишине жол бербөө максатында улантылып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны “А.Ж.” кармалды.
Такталгандай, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткенин, анда ал «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. кармалган “А.Ж.” чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз Республикасына кирип жана террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн, ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды..
Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш -чаралар жүрүп жатат.