УКМК: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Абдыжалил Жамалов каза болду

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана жеке курамы 2022-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы генерал-майор ДЖАМАЛОВ АБДЫЖАЛИЛ КЫРГЫЗБАЕВИЧ дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдирет.

Генерал-майор Жамалов А.К. 1951-жылы 1-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Күл айылында туулган.

            Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 1976-жылдын апрель айында баштаган. Операторлуктан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарына чейинки жолду басып өткөн(Ушул суйломду карап кое аласызбы). 2006-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Башкы штабынын начальниги – КР Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жүргөндө 1999-2000-жылдары Баткен облусунда аймактык бүтүндүктү коргоого жана эл аралык кылмыштуу топторду андан ары талкалоого зор салым кошкон. Аталган облустун аймагындагы куралдуу кагылышуу учурунда өзгөчө кырдаал режиминде эл аралык террористтик топтордун бандаларын жок кылуу операцияларына түздөн-түз катышкан. Мындан тышкары,
Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек араларды коргоону жана коргоону уюштурууга айрым оңдоолорду киргизди. Ал ишенип берилген участоктордо оперативдик-тейлөө иштерин уюштурууга өзгөчө көңүл бурду.
2021-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуудагы өзгөчө кызматы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Жамалов А.К., боорукер адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон.
Ата Мекен алдындагы жогорку аскердик кызматтын үлгүсү болгон ардагерибиздин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат.
Кыргыз Республикасынын УКМКнын жетекчилиги, ардагерлери жана жеке курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.