УЛУТТУК КООПСУЗДУК ОРГАНЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ЧОГУЛУШ БОЛУП ӨТТҮ

2020-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Борбордук имараттында Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин майрамына арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.

Салтанаттуу чогулушта КР Вице-премьер-министри Максат Мамытканов, УКМК ардагерлери, жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

КР Вице-премьер-министри Максат Мамытканов куттуктоосун окуп, УКМКнын кызматкерлерине терроризм, экстремизм жана коррупция менен күрөшүүдө жүргүзгөн жакшы иштерине алкыш айтып кетти. Ошондой эле белгиленгендей, Коопсуздук комитети азыркы чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн иштерин күчөтүү зарылдыгы жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугун коргоо боюнча баардык зарыл чараларды көрүү керектиги айтылды. Өзүнүн куттуктоо сөзүнүн аягында Коопсуздук комитетинин ардагерлерин жана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, баардыгына ден-соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалап кетти.

КР УКМК төрагасы,генерал-майор К.Ташиев өзүнүн сөзүндө 2020-жыл оор болгондугун жана чекистердин алдында Улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча көп иш турганын белгиледи. Аны менен катар мындан ары дагы Мекен алдында өздөрүнүн милдеттерин ар-намыс менен аткаруусуна ишендирип кетти.

Аягында айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.