КР УКМК: Практикалык тапанчадан атуу боюнча

2022-жылдын 15-16 октябрында, Кыргыз Республикасынын Күжүрмөн жана практикалык атуу федерациясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана ведомстволорунун атайын бөлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Күжүрмөн жана практикалык атуу федерациясынын өкүлдөрүнүн арасында, практикалык тапанчадан жана пистолет калибриндеги карабинден атуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты уюштурулуп жана  өткөрүлдү.

          Мелдеш 12 көнүгүүдөн туруп, анда 220 ок атылып, жыйынтыгында жалпы упайлар эсептелген. Жалпысынан бул чемпионатка 35 катышуучу катышты.

          Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелер атуу түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:

–        ок атуунун стандарттык түрү боюнча 1 жана 2-орундарды КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери ээлешти;

–        ок атуунун классикалык түрү боюнча 1, 2 жана 3-орундарды КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери ээлешти;

–        ошондой эле аялдар арасында ок атуунун стандарттык түрү боюнча 1-орунду КР УКМК 9-кызматынын кызматкери ээледи.