УКМК: Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү кармалды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. кармалды.

Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган.

Кармалган А.Д.Б. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.