УКМК: “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун (ДЭУ) “аялдар канатынын” жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын УКМК диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында Бишкек шаарындагы “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун “аялдар канатынын” жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

         2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо)  каралган кылмыштардын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган үйлөрүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.                                                                           Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 57 экстремисттик багыттагы диний адабияттар (“Ислам түзүмү”, “Хизб-ут-Тахрирдин жайлуу нускасы”, “Халифалык мамлекеттин жихазы”, “Башкаруу жана идора”, Ислам экономика түзүм», «Ислам нафсиа») негездери», «Аль-Ва’и», «Ислам нафсиа негздери», «Ислам мамлекети» ж.б.) 15 экстремисттик баракча, 10 уюлдук телефон жана 9 конспект табылып алынды.

         «ХТИ» ДЭУнун ячейка мүчөлөрүн тезистери үйрөтүү “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун электрондук китептери жүктөлгөн мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу аркылуу да жүргүзүлгөн.

         Алынган материалдардын негизинде комплекстүү диний-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

         Учурда КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан кылмыш ишинин материалдарына катышкан бардык адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.