УКМК: КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 63 млн. сом өлчөмүндө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Т.С.А. кармалды.
Кармалган Т.С.А. салык кызматында иштеп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен коррупциялык бүтүмгө келип, жасалма эсеп-фактураларды колдонуу менен жалган фирмаларды түзүү жолу аркылуу салык төлөөдөн качуу схемасын уюштуруп, кийинчерээк «Чалдовар» көзөмөлдөп өткөрүү пункту аркылуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып киргени аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Т.С.А. кармалып, соттун чечими менен КР Юстиция министрлигинин №21 тергөө абагына киргизилди.
Учурда департамент тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.