КР УКМК: Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

УКМК финансы-банк секторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Аталган топ Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймагында 100 АКШ доллары  номиналындагы ири суммадагы жасалма банкнотторду саткан.

         Аталган топ «Оптима Банк» ААКтын терминалдары аркылуу банктык карталарды толуктоо жолу менен жасалма акчаны «адалдоо» менен алектенип, Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар аркылуу да саткандыгы аныкталган. 45 миң АКШ долларынан ашык жасалма 100 долларлык купюралар аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

       Көрүлгөн чаралардын натыйжасында КР жарандары  З.Р.М. , Г.Ш.Д. , З.С.Т., Б.Р.И. жана коңушу мамлекеттин жарандары Б.С.К., К.Б.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

        Ушундай эле факт боюнча буга чейин 50 000 (элүү миң) жасалма АКШ долларын 20 000 (жыйырма миң) долларга сатууну көздөгөн КРнын Р.У.Э. аттуу жараны кармалган. Азыркы учурда ал УКМКнын тергөө абагында..

          Учурда бул топко тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.