КР УКМК: Бишкектин аймагында контрабандалык жана контрафакттык продукцияны сатуу каналына бөгөт коюлду

КР УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун, керектөөчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле салык жана бажы мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын аймагында калктын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон контрабандалык продукцияларды жана жасалма жуучу каражаттарды сатуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы басмаканалардын биринде узак убакыттан бери кутулар, этикеткалар, кир жуугуч порошоктар үчүн стикерлер жана башка жуучу каражаттар тымызын чыгарылып келгени аныкталды.
2024-жылдын 13-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Миф», «Тайд» жана “Ариэль” маркасындагы жасалма кир жуучу порошоктордун ири партиясы аныкталган.
Мындан тышкары, жер астындагы цехке «Фея» тиричилик химиясын чыгаруучу конвейер орнотулуп, анда кымбат баалуу жуучу каражаттардын этикеткаларын арзан аналогдорго чаптоо жолу менен жуучу каражаттар мыйзамсыз чыгарылып, кийин борбордун базарларындагы соода түйүндөрүндө сатылып келген.
Контрафакттык товарлардын жалпы саны 42 миң 731 даана кир жуучу порошок жана 8 рулон этикетка ар бири 10 миңден Fairy бөтөлкөдөн турат.
Алдын ала контрафакттык товарлар нукура товарлардын сапаты жана коопсуздук стандарттарына жооп бербейт, анткени алар керектөөчүлөрдүн ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон арзан жана сертификаты жок материалдарды колдонуу менен чыгарылган. Тиешелүү экспертизалар КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна дайындалды.
Уюштуруучулар тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү жоопкерчиликти тартышат.