УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигиндеги коррупциялык схемага бөгөт коюлду

    Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалык коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасына товарларды тоскоолдуксуз ташып келүү (импорттоо) үчүн ишкердик субъекттеринен андан ары контролдоо жана салыктык чегерүүлөрдү администрациялоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жана “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан салмак-габариттик контролдоонун ишинде коррупциялык схема аныкталды. Кээ бир учурларда ташылып келинген жүктөрдү каттоодо товарлардын наркы жана көлөмү төмөндөтүлүп көрсөтүлгөндүгү такталды. 

    Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкерлери ар бир жүк ташуучу унаадан ташылып келген товарга 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин акча талап кылып турушкан. Өз кезегинде салмак-габариттик көзөмөл пунктунун кызматкерлери импорттолгон товарлардын түрүнө карабастан, ашыкча жүктөмдөрдү текшербестен, жүк ташуучу бир унаадан 1000-2000 сомдон акча талап кылышкан.

    2022-жылдын 25-февралында акча каражатынын 13 000 сом жана 12 000 сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алууда салмак-габариттик контролдоо пунктунун кызматкерлери М.К.А. жана С.У.А., жана ошондой эле 5500 сом алып жаткан жеринен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери Х.У.Т. кармалды.

    Белгилей кетсек, коррупцияга аралашкан кызмат адамдарынын көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү кыскарууда. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилишти.

    Азыркы учурда тергөө уланууда.