УКМК: Эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстан Республикасынын жараны К.Б.Г. кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарынын көмүскө каналдарынын ишмердигине каршы аракеттенүү жана аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 22-февралында К.Б.Г. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды.

Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылып алынган.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.