УКМК: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча жооптуу адамдардын тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасын аныктады.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Алтын-Кен” ЖЧКсы жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн системалуу түрдө азайтып жүргөн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мурдагы директору А.К. айып коюлган.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы суммасы 149 млн 585 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталып, 2022-жылдын апрель айында “Алтын-Кен” ЖЧКсы тарабынан мамлекетке төлөнүп берилди.