УКМК: Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБ 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ИИБ 1-ШМБ башчысы милициянын подполковниги Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалды, анын аракеттеринде жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

         2022-жылдын 25-августунда Ч.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

         Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.