УКМК: Жер астындагы туннель табылды

КР УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында аткезчиликке каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын байланыштырган туннель табылган.

2022-жылдын 4-июнунда КР УКМК, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын өнөктөш кызматтары менен биргеликте Ош облусунун  Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык  турак жайдын бетон тротуарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, кире бериштен (КР) чыгуусуна (РУ) 155 метрге жакын экени аныкталган.

Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелуу тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.