Талас облусунун Манас районунда КР УКМК башкармалыгынын жаңы имараты курулду

Бүгүн, 7-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Мамлекеттик комитеттин Манас райондук болумунун жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине облустук администрациянын өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Манас райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлерге керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет.
Мындан тышкары, Талас шаарында КР УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.