УКМК: Мыйзамсыз ташып келинген жүк менен автоунаа кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Кольцо” стационардык постунда Лейлек районунун Кулунду айылынан Раззаков шаарына келе жаткан Кыргыз Республикасынын А.Э.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Опел” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа кармалып, айдоочуга административдик протокол түзүлгөн. Унааны кароо учурунда ичинен Тажикстан Республикасынан мыйзамсыз алынып келинген 250 даана коон чыккан.

Тиешелүү чараларды көрүү үчүн унаа жүгү менен бирге бажы органдарына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.