Социалдык тармактарда 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата костюмдарды ижарага берүү мекемелери “Z” символикасы бар аскердик кийимдердин жана костюмдардын жарнамаларын таратып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

Мекемелерди улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана шаар тургундарын 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырат.
УКМК Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертип кетет.