КР УКМК: “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун тарапташтарына түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү

КР УКМК тарабынан ЭТУ/ДЭУга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында туулган Ш.М.Н., Х.у.Х., Э.М.Н., Б.Ш.П. (“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун тарапташтары) жана Р.Ж.Р. (“Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун) аттуу жарандар кармалып, аларга карата профилактикалык иш-чаралар көрүлдү.

Жогоруда аталган адамдарга Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан КРнын аймагында аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынганы жана “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун идеяларын таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында аталган адамдар “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана “Катиба Таухид Валь-Джихад” ЭТУнун мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбөөгө милдеттеништи.

КР УКМК бул багыттагы иштерди улантууда.