УКМК: Баалуу металдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду

2022-жылдын 19-апрелинде КР УКМК кызматкерлери жана Манас эл аралык аэрапорту (МЭА) ААКнын Ош филиалынын (ОФ) текшерүү кызматынын кызматкерлери, Түштүк-батыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгы менен биргеликте контрабанда жолу менен баалуу металлдарды ташып келүүнү жана ташып чыгууну аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында “МЭА” ААКнын ОФнын чыгуучу залында сары түстөгү металдарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

         2022-жылдын 14-апрелинде “МЭА” ААКнын ОФнын чыгуучу залында Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К.  аттуу Өзбекстан Республикасынын жарандарынан сары металдан кол өнөрчүлүк менен

жасалган буюмдар табылган. Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзөт.

         Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн.

Азыркы учурда жогоруда аталган адамдар кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.