КР УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкча кызматкери кармалды

         Кыргыз Республикасынын УКМК укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкекте шаарынан, ушул жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

        Такталгандай, кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

         Кылмыш иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкча кызматкери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды жана андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү  үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.