КР УКМК: Ири өлчөмдөгү баңги заты табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, 2022-жылдын 28-сентябрында, козголгон кылмыш иштин алкагында, Жалал-Абад облусунда жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында өзгөчө ири көлөмдө баңги заттары табылган.

Бул кылмыш ишинин алкагында, экспертизанын жыйынтыгында жалпы салмагы 833 граммды түзгөн “кургатылган марихуана” болуп чыгып, жогорудагы аталган баңги заттар табылган үйдүн ээси М.А.Д. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Азыркы учурда М.А.Д. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.