УКМК: Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалды

КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплексин узак мөөнөттүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен “Кадастр” ММ Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.