КР УКМК: Акча каражаттарды сыртка чыгаруу фактысы боюнча

  Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү каналдарына каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын жарандары А.М.И. жана А.у.А. “Достук-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 75 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан чыгарып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалышты.

           Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык республиканын бюджетине 568 230 сом (б.а. белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10%) кайтарылды.