УКМК: Казакстан Республикасында КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын терроризмге каршы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин чогулушу болуп өттү

2021-жылдын 2-сентябрында Казакстан Республикасынын Мангистау облусунун Актау шаарында, КМШга мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борбору (ТКБ КМШ) КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын терроризмге каршы  бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда “Каспий-Антитеррор-2021” аталышында КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуусунун экинчи (аяктоочу) этабы  өткөрүлдү.

БАМ “Каспий-Антитеррор-2021” КМШнын ТКБнун координациялоосу алдында, Шериктештик өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана башка укук коргоо органдарынын террористтик чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүгө даярдыгын жогорулатууга багытталып эки этапта ишке ашырылган. Машыгууга (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан) КМШнын сегиз мамлекетинин атайын кызматтары катышты.

КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуулары Шериктештик өлкөлөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүү системасынын маанилүү компоненти болуп саналат. Алардын негизги максаты – КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтарынын жана башка күч структураларынын террористтик чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууга даярдыгын жогорулатуу болуп эсептелинет.

2001-жылдан бери КМШнын ТКБнын жетекчилиги астында 16 машыгуу уюштурулду, алардын ар биринин темалары Шериктештиктин мамлекеттеринде жана дүйнөнүн башка региондорунда террористтик коркунучтардын жайылуу динамикасын жана тенденциясын эске алуу менен түзүлгөн.