УКМК: А.Ч. аттуу жарандын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды

КР УКМК Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери А.Ч. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда, Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.