2021-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонууга багытталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылган.
Жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, “7,62 мм” калибрдеги ок-дарылар жана «ПМ» маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча табылып алынды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдарды, жана ошондой эле куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.