КР УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

2021-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын УКМК органдары терроризмге каршы иш-чаралардын комплексин уюштуруу учурунда, диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан “М.А.” аттуу чет мамлекеттердин биринин жаранынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Аталган “М.А.” “Жамаат Таухид ва Жихад” эл аралык террористтик уюмунун жигердүү мүчөсү болгон жана ал куралдуу чыр чатактардын аймагынан Кыргыз Республикасына келип, адамдарды өзүнө тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

КР УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.