УКМК: Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгына караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча

2023-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай жана граждандык курулуш департаментинин алдындагы Нарын райондук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсы тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунун Төлөк айылындагы орто мектептин спорт залы курулуш нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу менен курулганына карабастан, 2019-ж. Нарын Капиталдык курулуш башкармасынын жооптуу кызматкерлери бул объектти курулуш нормаларына ылайык деп пайдаланууга кабыл алышкан.

Нарын Капиталдык курулуш башкармасы менен «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн 8 млн 465 миң 306 сомго келишимге ылайык, спорт залдын курулушу 2017-2019-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Бирок, иш жүзүндө Нарын Капиталдык курулуш башкармасы көрсөтүлгөн мөөнөттө подрядчыга 9 миллион 774 миң 768 сом которгон.

Соттук-курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 400 миң сомго жакынды түзгөн.

Бул ишке болгон кошумча зыянды жана бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.