УКМК: КР УКМК төрагасы К.Ташиев УКМКнын Чек ара кызматына сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышып чыкты

     Бүгүн, 2024-жылдын 18-мартында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –  УКМК төрагасы генерал-лейтенант  К.К. Ташиев Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын аскердик бөлүгүнө барып, УКМКнын Чек ара кызматына сатылып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар  менен таанышып чыкты.

       Төраганын биринчи орун басары – УКМК Чек ара кызматынын директору  генерал-майор Уларбек Шаршеев генерал-лейтенант К. Ташиевге чек араны кайтарууга алган тарамдарды камсыздоого алуунун алкагында ооруктук мүлк жана атайын техника алуу үчүн чек ара ведомствосуна республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүн баяндады.

        Чек ара кызматынын тарамдарын камсыздоо иш-аракетинин алкагында бул сатылып алынган аскердик-техникалар чек ара тарамдарына жөнөтүлөт.

       Өз кезегинде К.Ташиев өлкө жетекчилиги жана ведомство тарабынан  УКМКнын Чек ара кызматынын  алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруусу  үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.