УКМК: КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

         КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР СӨМгө караштуу Калктты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндөгү (Ош областы, Кара-Суу району, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү) кызмат адамы тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды.

         Тактап айтканда, Кара-Суу райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери  С.З.Ш.  калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандардан системалуу түрдө акча каражатын чогултуп келгендиги такталган.         

       Аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, КР Кылмыш-жаза  кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылды.

        Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.