КР УКМК: Зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен зер буюмдарын жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цех аныкталды.

Кыргыз Республикасынын жарандары А.С.А. жана А.З.Т. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде маркалоонун милдеттүү жол-жоболорун кыйгап өтүп, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качып, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштурушкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын 18-апрелинде КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 236-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан алынган чечимдин негизинде уюштуруучулардын А.С.А. жана А.З.Т. цехинде, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада, зергер буюмдарын жасоого жана маркалоого зарыл болгон ар кандай жабдуулар, ошондой эле жалпы салмагы 23,5 килограммга жакын күмүш зер буюмдар табылган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

КР УКМК баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.