УКМК: Жасалма диплом сатууга тиешеси бар адамдар кармалды

2022-жылдын 14-июлунда КР УКМК тарабынан жогорку окуу жайынын дипломун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды.

Кармалган Кыргыз Республикасынын О.А.Т. жана Б.С.М. аттуу жарандары үч миң АКШ доллары акча каражатына Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын  жогорку билими тууралуу дипломун жаран Л.А. атынажасап беришкен.

Бул адамдар дипломду берип, акча каражатын алып жаткан учурда кармалышты.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.