УКМК: Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча КР жараны кармалды

2022-жылдын 18-февралында КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, экстремисттик материалдарды таратуу фактысынын негизинде С.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.