УКМК: К.Асанбек аталган уюушкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

        КР УКМК, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 5-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча каралып кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалышты.

        2022-жылдын 5-сентябрында жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

        Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М»таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

        Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.