УКМК: Сирияга кетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жалдоо иштерин жүргүзүп жүргөн чет элдик жарандар кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюунун алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык террористтик уюмдардын радикалдык идеяларын жайылтууга катышкан чет өлкөлүк жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду.

 Кыргызстандын аймагын транзит катары пайдаланып, Сириядагы согуштук аймакка кетүү максатында  жалдоо иштерин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүп аткан чет мамлекеттин 1995-жылы туулган Н.Ш.М. жана 1998-жылы туулган Р.Т.С. аттуу жарандар кармалды.

  Азыркы учурда КР УКМК эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.