УКМК: Минералдык жер семирткичтердин контрабандалык жүктөрү токтотулду

КР УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында контрабанда фактыларын аныктоонун жана бөгөт боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын коюунун алкагында, 2022-жылдын 17-майында У.Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулган.

Жогоруда аталган жүк ташуучу унааны тинтүү учурунда «ТКЦ» маркасындагы жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн, тагырагы ар бири 50 кг болгон 200 кап цемент табылган, Ошол эле учурда бул мүшөктөрдүн астында, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү үчүн катылып, ар бири 50 кг болгон 300 мүшөк, жалпы көлөмү 15 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы) да табылган. КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусу менен кармалган товардын баасы аныкталып, 780 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш ишке катталган.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.