УКМК: ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздук органдарынын атайын күч өкүлдөрүнүн ыкчам жыйыны болуп өттү

2022-жылга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип даярдоо боюнча кызматташуунун алкагында  (Пландын III-бөлүмү, 2.5.1. пункту) 1-августтан 2-августка чейин КР УКМК машыгып-окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишимин уюштурууга (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын атайын күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусундагы ыкчам жыйыны болуп өттү.

         Мындай жамааттык машыгуулар ЖККУнун жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында эл аралык жана аймактык деңгээлде биргелешкен иштердин зарылдыгын жалпы түшүнүү жөнүндө күбөлөндүрөт.

ЖККУга мүчө 5 өлкөнүн – Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын делегациялары катышты.

         Бул ыкчам жыйынга ЖККУнун башкы катчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Анатольевич Семереков катышты.