КР УКМК: Сокулук райондук электр тармагынын кызматкеринин кармалышы боюнча

Кыргыз Республикасынын УКМК, Чүй областындагы электр тармактарындагы коррупциялык элементтерге бөгөт коюунун алкагында, 2022-жылдын 7-октябрында Сокулук райондук электр тармагынын (РЭТ) участкасынын башчысы Б.Э.О. пара катары акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.
Мурда А.А.С. аттуу жаран Сокулук райондук электр тармагынын дарегине, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аттуу аталган жарандан опузалап 20 миң сом акча каражатын талап кылышкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган жабырлануучу тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ыкчам-тегөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-октябрында Сокулук районунун аймагынан, Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.