УКМК: “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К.  кармалды

2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.