КР УКМК: Эл аралык баңги каналына бөгөт коюлду

       КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында баңги затын коңшу мамлекеттерге жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган баңги сатуучу кармалды.

       Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Ж.Н. аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 366,48 грамм болгон афган тектүү “чарс” баңги каражаты табылды. Такталган маалыматтарга ылайык, аталган жарандын үйү ташылып бара жаткан баңги заттар үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 кг гашиш өтүп турган.

        2024-жылдын 17-апрелинде тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.Ж.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

       Эскерте кетсек, КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда.